Акыркы Кошулгандар

«Манас таануу» интеллектуалдык телетаймашы «Сахаба» эс алуу багы Абдыкерим Муратов Абшыр-Ата Ак-Булак айылы аксакал алма алып сатар Апиза Кудайбердиева Арбын Асамидин Марипов Атактуулар базар базар баасы Бакыт Марипов бала-бакча Бекболот Айтиев Бел бел айылы Блогдор Борбаш бшк Видео Гайвали Эргешов ГЕС добуш Жаңы-Ноокат Жаңылыктар Жар-Коргон Жаркынай Оморбекова жарнама жарыялар Жатан Жаш талант Жеңеке Жийде Жийделик айылы Зайнабидин Мамасадыков Зулмамат Нараев Исрадин Матишев Какыр айылы Кандалат Мурзакматова Каныбек Пирматов Каранай Кеңеш айыл өкмөтү Көк-Жар айылы Көк-Сары-Каңды Көпүрө Көтөрмө айылы Кутманбек Турсункулов Куу-Майдан Күңгөй-Кожеке күрөш күрүч Кызыл-Булак айылы кылмыш Кыргыз-Ата айыл өкмөтү Кыргыз-Ата айылы кырсык Мавлид Маек майрам мал базар Мамазияр Каратаев Маматкасым Турдубаев мамлекеттик ишмер Марипов Улукбек медиа мектеп музыка Муктар Маматалиев Мыктыбек Мамасалиев Н.Исанов Найман айылы Найман суу сактагычы Насиридин Исанов Ниязбек Козуев Новости Ноокат району Ноокат шаары Нурбек кары Орунбаев Нуржамал Исмаилова Нурлан Асанов Нурмухаммед Топчубек уулу Он-Эки-Бел айыл аймагы Өмүрбек Тургунбаев Пазилат эне Президенттин аппараты Русский Саид Баюми Сайкал Исламидин кызы Самидин кары Атабаев сел сот имараты спорт суу түтүкчөсү Тажи Тагаева таза суу Талантбек Эргешов талаш жер тарых Тескей-Кожеке Төрөбай ажы Зулпукаров Төрөбай Зулпукаров Тынчтыкбек Бекташ уулу Фоторепортаж Чегеден Чеч-Дөбө Чыңгыз Асанбек уулу шайлоо Шайлоо-2015 Шанкол экономика Элдик жаңылыктар Эркин уулу Айбек ЮНИСЕФ ads blog carousel City Computer Cuisines Destination famous Fashion fb featured featured1 Foods Gallery janylyk media Music People Phones photo Photography Server slideshow Speaker Tablets Tech Travel Trends Video Wedding World News



Ноокат шаарында маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүн тойго айлантпоого чакырык жасалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрельде Ноокат шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда Ноокат шаарынын дин кызматкерлери жана Ноокат шаар мэриясынын социалдык иштер боюнча кызматкерлери шаар тургундары менен жолугушуу өткөргөн. Жолугушууда ыксыз чыгымдарды азайтуу боюнча маселе талкууга алынган.
«Өлкөбүздүн айрым жерлеринде маркумду акыркы сапарга узатууда жоосунсуз салттар аткарылып, ыксыз чыгымдар болуп кетүүдө. Маркумду узатууда тойго айланып кеткен көрүнүштөрдөн оолак болуу зарылдыгы айтылды. Ислам дининде көрсөтүлгөн тартипте, шарият көрсөткөн жол менен акыркы сапарга узатууга чакырык жасалды», - деп айтылат маалыматта.

Ленин орноткон Совет бийлиги кыргыздын келечегине көп жакшылык алып келгенин эч ким танбайт. Алардын бири аялдарга берилген эркиндик болду. Кыргыз аялдарын боштондукка чыгаруу боюнча Пишпекте 1918-жылы “Эмгекчил аялдар” деген союз түзүлгөн. Аялдар союзуна Кыргызстандын бардык аймактарынан кыз-келиндерди тартуу иши колго алынган.
Аялдардын алгачкы уюмдары көп пайдалуу иштерди аткарууга киришкен. 1923-жылы 24-апрелде Пишпекте жергиликтүү улуттардын аялдарынын сабатсыздыгын жоюу боюнча биринчи мектеп ачылган. 1925-жылы Кыргызстан боюнча 27 мектепте 464 кыз-келин окуган.
Совет заманынын алгачкы жылдарында ушинтип кыз-келиндерге билим берүү өнүгүп, аялдардан чыккан кадрлар өсүп, алардын маданий жана саясий деңгээли жогорулап, мамлекетти башкаруунун бардык тармактарында жигердүү катыша баштаганын байкайбыз.
Биз бүгүн Кыргызстандагы совет бийлигинин саясатына жан-дили менен берилип, билим алууга умтулуп, анын аркасы менен жаңы заманды курууга, өнүктүрүүгө өмүрүн арнаган кыргыз кыздарынын бири Батмакан Аалиева (Байчерикова Фатима) жөнүндө кенен кеп кылалы деп турабыз.
Аалы кызы Батмакан тууралуу “Тогуз-Торо району”, “Жалал-Абад облусу” энциклопедияларынан төмөндөгүдөй чакан маалыматтарды окуйбуз:
“Аалиева Батмакан (Байчерикова Фатима) – 1907-жылы Тогуз-Торо районундагы Көк-Ирим айыл аймагына караштуу Арал айылында туулган. Атасы Аалы арабча жакшы билген өз заманынын билимдүү адамы болгон, башка касиеттери үчүн жергиликтүү эл “Аалы калпа” деген. Чоң атасы Карбоз бий өрөөндөгү таасирдүү адамдардан болгон, 1840-жылы Ормонду хан көтөргөн кыргыздын курултайына өкүл болуп катышкан. Карбоздун орус оторчулугун ооздукташ үчүн бир топ аракет кылганы эл оозунда айтылып келет".
Батмакан бой тартып келатканда айылдаштары куда түшүп келсе, атасы күйөөгө берип жиберет. Улуу Октябрь революциясынын желаргысы Тогуз-Торого да жеткенде анын маанисин, келечегин Батмакан биринчилерден болуп түшүнүп, билимге умтулат.
Арал айылына атбашылык Маданбай Байчериков деген адам биринчи мугалим болуп барып, мектеп ачылганда Батмакан кыздардын арасынан мектепке өз каалоосу менен келип кирет, башка кыздарды да окууга үндөйт.
Ал 1927-жылы Тогуз-Торо районундагы кыз-келиндеринин арасынан биринчи болуп Ленин комсомолунун катарына өткөн. Убагында Батмаканды “мындай ээнбаштыгы үчүн жайлап салабыз” дегендер да болгон. Бирок ал өз оюнан кайткан эмес.
“Батмакан өз беттегенин бербеген кыз эле, оюндагысын кое берчү эмес. Жаңы заман чыкканда чачын артына түйүп алып, калпак кийип, ат минип жүрчү. Кийин ата-энеси Курманалы деген кишиге кудалап күйөөгө беришет. Жаңы заман келгенде күйөөсүн чанып, аны ажырашууга көндүрүп, башка аял алып берет. “Мектепке окуйм, андан ары билим алам” деп жулунуп калчу. Анысы ата-энесине, туугандарга жаккан жок, акыры оюндагысына жетип, билим алам деп агайын ээрчип кетип калды” деп жеңеси Мактымдын эскергени бар.
Ошентип Батмакан билимин дагы улантам деп агайы Байчериковду ээрчип айылдан качып кетет. Бул окуя Чыңгыз Айтматовдун “Биринчи мугалим” повестиндеги Дүйшөн менен Алтынайды элестетет. Ошентип экөө Ат-Башыга келип туруп калышат, көп өтпөй баш кошушат. Батмакан билимин дагы улантууну көздөп, көп аракет кылган. Акыры комсомолдук жолдомо менен Пишпекке (Бишкек) келип, окууга кирет. Окуусун бүткөндөн кийин Нарын, анан Жалал-Абад шаарларында комсомолдук, советтик кызматтарда иштейт. 1930-жылы Коммунисттик партиянын катарына өтөт.
Кийин Батмакан Аалиева Орто Азия коммунисттик университетин (Ташкент) бүтүрөт. Убагында бул университетте кыргыздын бир топ алдыңкы адамдары билим алган. Ал кезде кыргыз кыздары бул окуу жайында өтө сейрек окуган. Университетти бүткөндөн кийин Батмакан Кыргызстандын түштүгүндөгү Ноокат, Ноокен, Өзгөн райондорунда партиянын райондук комитетинин бөлүм башчысы, катчысы болуп көп жыл иштеген. Далай жолу басмачылардын чеңгелинен аман калган. Батмаканга аял башы менен аялдар теңдиги үчүн күрөшүү оңой болгон эмес.
Батмакан Аалиева совет заманынын алгачкы жылдары кыргыз кыздарынан чыккан С. Телтаева, К. Бектаева, К. Ибрагимова-Убукеева, Б.Муңайтпасова, М. Турганбаева ж.б. менен үзөңгүлөш иштеп, аялдардын кат-сабатын ачууда, аларды эркектер менен бирдей укукта коомдук турмушка аралаштырууда жигердүү иштеген десек болот.
Батмакан кайда, кайсы жумушта болбосун билгичтиги, уюштуруучулугу, чечкиндүүлүгү менен далайларды тамшандырган.
(1930-жылдар, кыргыз аялдарынан алдыңкы өкүлдөрү, оңдон солго Батмакан Аалиева, Калия Ибрагимова-Убукеева ж.б.)
(1930-жылдар, кыргыз аялдарынан алдыңкы өкүлдөрү, оңдон солго Батмакан Аалиева, Калия Ибрагимова-Убукеева ж.б.)
Аалиева Батмакан өмүрүнүн 30 жылын “тар жол, тайгак кечүүдөгү” мамлекеттик кызматтарга арнаган. 1929-1949-жылдары Нарын кантондук аткаруу комитетинин көзөмөл-эсеп бюросунун төрайымы, Кыргызстан компартиясынын Ноокат райондук комитетинин аялдар маселелери боюнча бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Кыргызстан компартиясынын Базар-Коргон райондук комитетинин аялдар маселелери боюнча бөлүмүнүн башчысы, Өзгөн МТСинин аялдар иштери боюнча саясий бөлүмүнүн башчысынын орун басары, Фрунзе шаарындагы марксизм-ленинизм курсунун угуучусу, Кыргызстан компартиясынын Борбордук Комитетинин инструктору, Эл депутаттарынын Киров райондук аткаруу комитетинин төрайымы (Талас облусу) катары эмгек өтөгөн. Октябрь райондук МТСинин алдындагы партиялык комитеттин катчысы, аялдар маселелери боюнча бөлүмүнүн башчысы (Жалал-Абад облусу), Жалал-Абад облустук керек-жарак союзунун төрагасынын орун басары, Кыргызстан компартиясынын Жалал-Абад шаардык комитетинин катчысы болгон. Ошол убакта тагдырдын, саясаттын катаал сыноолорунан өткөнүн архивдик документтер тастыктап турат.
2016-жылдын февраль айында Кыргыз Республикасынын саясий документтердин борбордук архивинен Байчерикова Фатима тууралуу эки папке документ табылды.
Алар ар жылдары Батмакан эженин өз колу менен толтурулган, кадрлардын эсебин алган жеке баракчалар, өз колу менен орусча жазылган өмүр баяндары жана жогорку партиялык жетекчилердин каттары (жашырууну да бар), сунуштамалары, буйруктары болуп чыкты. Ал "орус, кыргыз, татар, өзбек, казак тилдерин билем" деп жазат.
Ал 1951-жылы 5-мартта өз колу менен өмүр баянын минтип жазган: “Мен, Байчерикова Фатима, 1907-жылы Кыргыз ССРинин, Тянь-Шань облусуна караштуу Тогуз-Торо районунун Көкирим айылдык кеңешинин Арал айылында туулгам...”.
Фамилиясы Байчерикова болуп өзгөргөнү күйөөсүнүн таасири болсо, Фатима деп атын алмаштырып алганы ошол убактагы кыргыз интеллигенциясына тийген “татар таасири” десек болот.
1936-жылы 11-ноябрында дагы бир өмүр баянында өзү, ата-энеси жөнүндө мындай фактыларды окуйбуз. “Менин атам Аалы Эрмамбетов өз чарбасында иштейт. Анын 1917-жылга чейин 10 баш кой-эчки, бир уй жана бир аты болгон. Жери жок, мал багып эле жан багат. Менин атам шайлоо укугунан ажыратылган эмес. Мурда кызматтарда иштебеген. Менин туугандарыман чет өлкөлөргө кеткен эмес. Мен 16 жашыма чейин ата-энемдин багуусунда болдум. 1923-жылы күйөөгө чыктым...”.
Батмакан Аалиева 1929-жылы күйөөсү Мадабай Байчериков менен ажырашат. Анан себебин өздүк делосунда минтип жазат: “Күйөөм менен 1929-жылы САКУдан (Среднеазиатский коммунистический университет-Б.О.) келгенден кийин ажыраштым, ал мени "үйдө эле отурушуң керек" деп талап кылып туруп алды, мен ага макул болгон жокмун”. Башка булактарда ажырашууга бала көрүшпөгөнү себеп болгону айтылат.
Мадабай Байчериков 1929-жылдан Ат-Башы, Түп райондорунда ар кандай партиялык, советтик, чарбалык жетекчи кызматтарда иштеген адам болгон. 1937-жылдары "эл душманы" катары атылып кеткен. Дагы бир башка маалыматта Маданбай Батмакан менен ажырашкандан кийин башка аялга баш кошуп, андан эки эркек уулдуу болот. Бул маалыматты сүрүштүрүп отурсак, жиптин учу бизди совет заманынын 1970-80-жылдары кыргыз өкмөт башчысынын орун басары болуп иштеген айтылуу Жамал Ташыбековага алып барды.
“Менин кайнатам Байчериков Маданбай Фатима апа менен бир топ жыл жашап, балалуу болбогондуктан жылуу-жумшак ажырашкан экен. Кайнатабыз башка аялга баш кошуп, андан эки эркек уулдуу болгон. Көп өтпөй “эл душманы” катары кармалып, атылып кетет. Балдары турмуштун оор сыноосунан өтөт. Ошол эки баланын бири Байчериков Марска тагдыр буйруп мен жар болдум. Ал көп жылдар коопсуздук кызматтарында иштеп жүрдү, комитеттин төрагасынын орун басарлыгына чейин көтөрүлдү. 1960-жылдары Марс экөөбүз балалуу болуп калган мезгилде Фатима апа бизди үйүнө “отко” чакырып коноктогон. Азыркы Бишкектин Гоголь көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде турчу эле. Фатима эже (Батмакан) менин баламды небересиндей колуна алып, эркелетип отурганы азыр да эсимде. Биринчи күйөөсү жөнүндө көп жакшы пикирлерин айтып, "катташып туралы" деп узаткан. Анын бул мамилесин биринчи күйөөсүнө болгон сый-урматы деп түшүндүк. Кийин көзү өтүп кеткенин уктум. Кайран киши, жакшы адам эле”, деп эскерет Жамал Ташибекова.
Архивдик маалыматтар тастыктагандай, Батмакан Алиеванын партиялык-советтик кызматтардагы тагдыры да оор болгон. 1938-жылы Компартиянын катарынан чыгарылып, жумуштан бошотулат. Анын себебин өзү: “... көрсө 1929-жылы ажырашып кеткен биринчи күйөөмдүн “эл душманы” экенин жашырып жүрүптүрмүн” деп жазат. Сөз биринчи күйөөсү Байчериков Маданбай жөнүндө болуп жатат. Документтердеги маалыматтар боюнча аны бир жыл бою текшеришет, он жыл мурда ажырашып кеткен адамга тиешеси жоктугу аныкталгандан кийин, партиялык стажы сакталып, кайра Компартиянын катарына кабыл алынат.
“Эл душманынын” биринчи аялы болгондугу, экинчи күйөөсүнүн атасы Кытайга кетип калганы Батмакандын мамлекеттик кызматтарга көтөрүлүү учурунда бир топ кедергисин тийгизгенин байкоого болот.
Айталы, 1951-жылдын башында Компартиянын Жалал-Абад шаардык комитетинин катчылыгына көрсөтүлүп, бардык тепкичтерден басып өтүп, Компартиянын Борбордук комитетинен бекитилерде Кыргызстан компартиясынын Борбордук комитетинин жооптуу кызматкери Гулямовдун бүтүмү мындай болгон: «…из автобиографии т. Байчерикова видно, что ее первый муж в бытность прокурором Тюпского района в 1937 году, как враг народа, исключен из рядов ВКП/б/ и арестован органами НКВД, в связи с чем через год и она была исключена из партии, в последствие восстановлена. Второй муж – Давлесов так же в 1935 году исключен из партии за побег родного отца в Китай в 1926 году, в 1945 году вновь вступил в ряды ВКП/б/. По указанным мотивам необходимо отклонить предложение Джалал-Абадского обкома КП/б/Киргизии и рекомендовать ему использовать т. Байчерикову на хозяйственной работе. Ответ. организатор отдела партийных, профсоюзных и комсомольских органов ЦК КП/б/Киргизии. ГУЛЯМОВ. 28 августа 1951 года” (ЦГА ПД КР Ф.56; Оп.108:Д.195)".
Аалиева Батмакан кайда, ким болуп иштебесин, анда мамлекеттик кызматкер катары мыкты сапаттары болгонун Кыргызстан коммунисттик (большевиктер) партиясынын Борбордук комитетинин катчысы Б. Яковлевдин жазган мүнөздөмөсүнөн окуй алабыз.
"В 1948 году т. БАЙЧЕРИКОВА, в порядке укрепления системы потребительской кооперации, Джалал-Абадским обкомом КП(б) Киргизии утверждена заместителем председателя правления Облпотребсоюза по кадрам, где проделала значительную работу по очищению системы потребительской кооперации от лиц, не внушающих делового и политического доверия, правильно подбирала и расставляла кадры на важнейших участках работы.
Тов. БАЙЧЕРИКОВА является членом Джалал-Абадского обкома КП(б) Киргизии и депутатом областного Совета депутатов трудящихся, пользуется авторитетом среди партийного и советского актива города Джалал-Абада. (Секретарь ЦК КП(б) Киргизии Б. Яковлев,18.03.1949) (ЦГА ПД КР Ф.56; Оп.108:Д.195)".
(Батмакан Аалиева, 1960-жылдар).
(Батмакан Аалиева, 1960-жылдар).
Архивдик материалдарды карап отуруп, 1937-жылы жазылган эки “жашыруун” документти окуйбуз. Биринчиси - Бүткүл союздук коммунисттик партиянын Кыргыз обкомунун 1937-жылы 7-январда өткөн бюросу "Байчерикова Фатима Борбордук комитеттин инструктору кызматынан советтик кызматка жөнөтүлсүн" деп чечим чыгарат. Ал чечимге партиянын Кыргыз обкомунун секретары Белоцкий кол койгон.
Экинчиси - Компартиянын Кыргыз обкомунун 1937-жылдын 4-апрелинде өткөн бюросу Байчерикова Фатиманы "Киров райондук аткаруу комитетинин төрайымынын милдетин аткарууга сунуш кылынсын" деп чечим чыгарат. Ал документке кыргыз обкомунун секретары М. Аммосов кол койгон.
(1971-жыл, “Советтик Кыргызстан” гезитиндеги некролог).
(1971-жыл, “Советтик Кыргызстан” гезитиндеги некролог).
Аалиева Батмакан 1967-жылы республикалык маанидеги персоналдык пенсияга чыккан. 1971-жылы январь айында Бишкек шаарында каза болгон. Сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган. Анын совет түзүлүшүнө, саясатынын орношуна, элдин турмуш-шартын жакшыртууга ак ниет эмгегин, болгон билимин, уюштуруучулук жөндөмүн, күч-кубатын арнап, өтөлгөлүү өмүр кечиргенин кийинки муундар биле жүрүшү парз деп ойлойм.
Бакыт Орунбеков


"Ноокатта 50 сотыхка жакын жерде өстүрүлгөн жашыл арчаларды бир түндө кыйып кетишти" деген билдирүүнү окурман "Элдик кабар" рубрикасына жиберген.

"Мындан 3 күн мурун Ноокат районундагы Ата-Мерек айылында 50 сотыхка жакын жерде өсүп жаткан жашыл арчаларды бир түндө кыйып кетишиптир. Угушубузча, эми ал жакка жаңы май куюучу жай курулат экен. Ал жерде арчалар турганда абдан кооз эле, эл бул маселе боюнча кимге кайрыла турганын билбей жатат. Айылда ким көтөрүлүшкө чыкса, коркутуулар болот деген кептер да тарап жатат", - дейт окурман.



Аскердик прокуратура ооган согушунун жалган ардагерлери боюнча ишти иликтеп, жасалма күбөлүк берген аскер комиссариаттарына бир катар кылмыш иштерин козгоду.
Буга чейин комиссия иликтеп чыгып, документтерин жасалмалап, мамлекеттен акчалай жана материалдык жеңилдик алып келген 159 аскер ардагерин тапкан.
Аскердик прокуратуранын козгогон иштери
Аскердик прокуратура анын ичинен 46 "жалган ооганчы" иргелип чыкканын, анын кесепетинен мамлекетке 23 миллион 700 миң сом зыян келтирилгенин аныктады.
Аскердик прокуратура мекемелер аралык иликтөө комиссиясынын берген материалдарын текшерип чыгып, Ош шаарынын, Кара-Суу, Кадамжай жана Ноокат райондорунун аскер комиссариаттарынын кызмат адамдарына кылмыш ишин козгоду.
Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, кызматтык жасалмалуулук жана алдамчылык белгилери боюнча козголгон иштер аскер ардагерлерине 2010-жылдан бери мыйзамсыз жөлөк пул төлөнгөн учурду ичине камтыйт.
Башкы прокуратуранын басма сөз өкүлү Канатбек Султанов козголгон иштердин мазмунуна кыскача токтолду:
Текшерүүнүн жүрүшүндө аскер комиссариаттарынын кызмат адамдары кээ бир жарандар менен алдын ала келишип алып, мыйзамдуу негиздер жок болгонуна карабастан аскердик каттоо документтерине Ооганстанда кызмат өтөгөнү тууралуу жалган маалыматтарды киргизишкен. Андан ары жалпысынан 46 "жалган ооганчыга" жасалма күбөлүк берилген. Мына ошол документтердин негизинде аларга ай сайын 6 миң сом өлчөмүндө жөлөк пул мыйзамсыз төлөнүп турган.
Шек жараткан документтер
Мекемелер аралык комиссия Коргоо министрлигинде, Чек ара кызматында, Жаза аткаруу тармагында жана ички иштер органдарында иштеп жүрүп, ооган согушунун же башка аскердик чатактардын ардагери катары пенсияга чыккан 159 офицердин документи шек жаратарын жарыялаган. Анын ичинен 53 офицер эч кайсы куралдуу чатакка катышпаганы аныкталганы белгиленген. Тизмеде буга чейин аскер жетекчилигинде жүргөн айрым генералдар менен полковниктердин да ысымдары аталган.
Рысбек Мирзаматов
Рысбек Мирзаматов
Алардын бири, Чек ара кызматынын эс алуудагы генерал-майору Рысбек Мирзаматов Түркмөнстандын Иолотань шаарында кызмат өтөгөнүн, мезгил-мезгили менен Ооганстанда атайын тапшырмаларды аткарып жүргөнүн ырастаган далилдерди тергөөгө тапшырганын билдирди:
Мени чакырышты. Барып түшүнүк катымды жазып бердим. Анын негизинде тиешелүү архивдерге суроо-талап жөнөтүшкөн. Менин Ооганстанда атайын аскердик иш сапарда болгонумду ырастаган документтердин баарын тергөөгө тапшырып бердим. Ошол боюнча чакырыша элек. Мага бул иште "күбө же башка катары өтөсүң" деп айтышкан жок. Ошол документтеримде "Мирзаматов аталган аскер бөлүгүндө кызмат өтөп, Ооганстандагы согуштук аракеттерге көмөк көрсөткөн" деп турат. Анын негизинде комиссия мени ардагер катары таап, кызматымды ооган согушунун катышуучуларынынмакамына теңдештирген.
Эске сала кетүүчү жагдай, расмий маалыматтар боюнча, Ооганстандагы согуштук аракеттер жүрүп жаткан кезде ал жакка жүк ташыган Оштогу мурдагы автоколоннанын айдоочулары дагы ардагер катары таанылып, алардын макамы согуштук аракеттердин катышуучусуна теңдештирилген.
"Атанын уулу же уулдун атасы"
Жасалма документтердин негизинде мамлекеттин эсебинен жеңилдиктерди алып келгендердин тизмесинде Коргоо министрлигинин башкы штабынын мурдагы башчысы, генерал-майор Нуридин Чомоев да бар.
Ал Йеменде 1986-1989-жылдары кызматтык сапарда болгону аныкталган. Расмий маалыматтар боюнча ал учурда Йеменде согуш болгон эмес. СССР кийлигишкен Йемендеги согуш 1962-1969-жылдарга туура келет. Отставкадагы генерал-майор Нуридин Чомоев козголгон кылмыш ишинен кабары жоктугун айтуу менен чектелди:
Ой мен эч нерсе билбейм. Ал өздүк ишти менимче, текшерип жатышса керек. Мен дагы интернационалдык милдетимди аткаргам. Ошондуктан азыр эч нерсе деп айта албайм. Себеби мага эч ким эч нерсе деп айткан жок.
"Айныксыз далилдер"
Генерал-майор Нуридин Чомоев Куралдуу күчтөрдүн генералдык штабынын башчысынын орун басары Нурлан Чомоевдин атасы. Аскердик прокуратура Нуридин Чомоевго дагы кылмыш иши козголгонун же козголбогонун ачыкка чыгарган эмес.
Абдыгул Чотбаев
Абдыгул Чотбаев
Бул ишти бир жыл мурда иликтеген мекемелер аралык комиссиянын өкүлү генерал-полковник Абдыгул Чотбаевжасалма жүйөлөрдү ашкерелей турганайныксыз далилдер бар экенин белгиледи:
Мен "согуштук аракеттерге катышып, ошол жакта болдум" дегендерине такыр ишенбейм. Эми аларда аскердик мораль, уят жок болсо мен эмне кылайын? Ал убакта мына ошол аскер бөлүктөрү согуштук аракеттер жүргөн аймактарга тартылган эмес. Мисалы үчүн тигил киши (Чомоев) Йеменге жөн эле аскер кеңешчиси болуп барган. Анын өздүк ишин өз көзүм менен карап чыккам. Кылмыш иши козголгондон кийин Чомоев буга чейин ай сайын алып келген 6 миң сомдон баш тарткан. Генералдар анын бетине айтканда эле ал киши "болду, мен туура эмес алып жаткан экем, андан баш тартам" дептир.
Бирок генерал-майор Нуридин Чомоев буга чейин ага төлөнүп келген жөлөк пулду мамлекетке келтирген зыян катары кайра ордуна койгону же койбогону белгисиз. Ошол эле кезде аскердик прокуратура комиссия тапшырган материалдардагы 159 ардагердин арасынан 46сын гана аныктап, калгандарынын материалдары эмне болгонун атаган жок. Тергөө органы жоопко тартылып жаткандардын айыбы угузулуп, иш сотко өткөрүлө турганын жарыялады.

[bgallery] [img src="http://static-2.akipress.org/127/.upload/kgnews/gallery/4/408934.0abbaf50cfe45bbf76d41592e1674df7.jpg"][/img] [img src="http://static-2.akipress.org/127/.upload/kgnews/gallery/8/408918.e5709c56553a28dc0ace9ff94b7475e5.jpg"][/img] [img src="http://static-2.akipress.org/127/.upload/kgnews/gallery/7/408917.9719b3d3be43f4e85c7b6cbbf13c8847.jpg"][/img] [img src="http://static-2.akipress.org/127/.upload/kgnews/gallery/6/408916.107081da09ff9a49ba11eca44e0102d1.jpg"][/img] [img src="http://static-2.akipress.org/127/.upload/kgnews/gallery/9/408919.832240f9e0b438493840d6d2f4079efb.jpg"][/img] [/bgallery]

Ноокат районунун 22 жаштагы тургуну Айдана Майсалбек кызы «Ноокат периси-2018» кароо-сынагынын жеңүүчүсү аталды. Бул тууралуу Ноокат райондук администрациясынан билдиришти.


Райадминистрациянын демилгеси менен Аялдардын эл аралык майрамына жана Ноокат районунун түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгына карата улуттар аралык ынтымакты, достукту күчөтүү, жаштарды адептүүлүккө, патриоттуулукка, маданияттуулукка тарбиялоо, гендердик саясатты өнүктүрүү, аялдардын коомдогу ордун жогорулатуу максатында сынак уюштурулган. Ага 7 мамлекеттик мекеме-ишканадан кыз-келиндер катышып, жыйынтыгы чыгарылды.

Сынакта 1-орунга Ноокат аймактык ооруканасынын өкүлү Айдана Майсалбек кызы чыкты. «Ноокат периси 2018» наамын жеңип алган Айдана аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн мээрман айымы болуп 2 жылдан бери эмгектенип жатат.

[gallery] [img src="http://static-2.akipress.org/127/.upload/kgnews/gallery/6/408936.b92d9c37e2b420b347fd1a54af71ea62.jpg"][/img] [img src="http://static-2.akipress.org/127/.upload/kgnews/gallery/4/408924.edd16441ce7deecb5a0bfb0a0ff67fcd.jpg"][/img] [img src="http://static-2.akipress.org/127/.upload/kgnews/gallery/5/408925.52d963a46c2a243be3e9a3a8b1acda65.jpg"][/img] [img src="http://static-2.akipress.org/127/.upload/kgnews/gallery/1/408921.f9480117ced69442923a0e5e04c61e61.jpg"][/img] [img src="http://static-2.akipress.org/127/.upload/kgnews/gallery/2/408922.f7db7e2a40a548ef07dcd5bfe6222078.jpg"][/img] [img src="http://static-2.akipress.org/127/.upload/kgnews/gallery/6/408926.547d0427374cce860a5c63854f8dce7d.jpg"][/img] [img src="http://static-2.akipress.org/127/.upload/kgnews/gallery/7/408927.d54d7070f508319ba9f23ad2e5a14998.jpg"][/img] [img src="http://static-2.akipress.org/127/.upload/kgnews/gallery/1/408931.9496f3a9790f7b45bf4d4179f4afb4a7.jpg"][/img] [img src="http://static-2.akipress.org/127/.upload/kgnews/gallery/3/408933.6644695e56474f6cf306c71580253a5f.jpg"][/img] [/gallery]

TURMUSH


Ноокаттын Котур-Булак деген жеринде адигине уруусунун бөрү уругунан тараган жүктү тобу жашайт.
Негизи «жүктү» эмес, «жуктуу» деген сөз болчу дешет. Адигиненин Бөрүсүнөн Кудайкул, Дөөлөткул, Тастар деген үч бала туулат. Кудайкулдун балдары: Атаке, Алике, Кожоке, Байаке, Байыш, Балбай. Булардын ичинен Атакеден Сарала, андан Жанкулу, Ит тийбес, Аюу.
Ошол Сараланын бир туугандары Куртка, Кулчу, Беккара, Чото, Ак чубак. Ал эми Балбайдан Жүктүлөр тараган, анын балдары - Араш, Чорош, Макебаш, Мамбет, Кочкор. Котур-Булактагылар ошол Адигиненин Балбайынын жүктүлөрүнөн. Бул айылда негизинен ошол Кудайкулдун балдары: ак чубактар, жүктүлөр, беккаралар, саралалар жашайт.
Жүктүлөр азыраак. Совет учурунда бир көчөгө чогулуп, кийин «Жүктү-Көчө» аталып кетти. Ошол жүктүнүн аксакалдары бизге, балдарга, "Кара-Кулжанын Бөрү деген айылында туугандарыбыз бир, илгери Какан, Ирисмат деген аталарыңар катташып турчу, силер да катташып тургула" деп калышчу. Ал кезде катташуу кайда, "коммунизмди курабыз" деп уруу-урукту унутуп, айылыбызды «Ленинизм» колхозунун «Съезд» участкасы десек, каракулжалыктар өз жерин «1-Май» деп атап алышкан заман эмес беле...
Эскилер айтышат эле: Кара-Кулжада Молдо Кубак деген жүктү тууганыбыз болгон дешип. Ошол Молдо Кубак кулакка тартылат экен. Кулакка тартыларда бекен же кулакка тартылып жатыппы, айтор биздин айылга Ташмат байга кабар жибериптир, "советтер катуу чыкты, малыңарды, болгон байлыгыңарды туугандарыңарга таратып берип койгула" деп.
Мен азыр ошол Молдо Кубак тууралуу документтерди карап отурамын. Документтерди аты Кувак, Кубак, Молдо Кубак, Мулла Кувак, фамилясы Тажибаев, Таджибаев, Тажиев деп ар түрдүү жазыла берген. Ал «секретно» деген гриф менен сакталган документтерди Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивинен (21-фонд, 16-жазуу, 98-сактоо бирдиги, 182-183-барактар) ОшМУнун доценти Жолдошбек Бөтөнөев таап чыгып, жарыялаган.
Бирдиктүү мамлекеттик саясий башкармалыктын (ОГПУ) жергиликтүү атайын өкүлү Ивашев кол койгон тизмеде Тажибаев (Тажиев деп берилет) "Мулла Кувак Өзгөн районунун тургуну" деп көрсөтүлөт. Ал кезде Кара-Кулжа Өзгөн районуна карачу. 1929-жылдын 13-апрелиндеги Ош округдук Жер борборунунун №31 токтому менен 12 манап кулакка тартылган.
1929-жылдын 29-сентябрындагы чечим менен кулакка тартылгандар Кыргыз АССРинен сырткары жакка, көбү Украина, Оренбург тараптарга айдалган. Ал эми жалпы тизмеде 44 киши болгон. Алар "совет өкмөтүнүн душманы, бай-манап" деп эсептелген. Негизинен алар бийлер (Эгемберди бий, Жаныгул бий, Кулаш бий, Ибирайим бий, Абдылда бий, Асран бий, Бердике бий, Абдымомун бий, Шааке бий, Полот бий, Сулайман бий, Баргы бий, Солто бий, Калыгул бий, Улар бий, Жапар бий, Кутулмуш бий, Рамазан бий, Чоко бий ж.б.), казылар (Жусу казы, Түлөкө казы, Бекташ казы, Жусупбай казы ж.б.), миң башы (Мати миң башы), молдолор (Молдо Кубак, Молдо Нурмат, Молдо Кайып ж.б.) болгон.
Булардын эл-жеринен айдалып, "эл душманы" болушуна эмне себеп болгон? Мисалы, Молдо Кубактын Кара-Кулжада 80, Секелек деген жерде 20 танап жери, алты аты, үч букасы, бир ую, бир жылкысы, бир коргону, бир кыргыз үйү, бир сандыгы, дагы башка майда-чүйдөлөрү болуп 1 549 рублдик байлыгы бар экен. Булар батырактар менен кедейлерди эзип иштетүүдөн табылган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк деп эсептелген жана кулакка тартууга негиз болгон. Алар жеке менчиктен алынып, «Жашоо» деген айыл чарба артелине өткөрүлүп берилген жана бул болор-болбос байлыкты тапкан киши Оренбургга айдалган.
Оренбургга сүргүнгө айдалган кыргыз байларынын бир тобу. 1929. Ж.С.Бөтөнөев сунуштаган архивдик сүрөт.
Оренбургга сүргүнгө айдалган кыргыз байларынын бир тобу. 1929. Ж.С.Бөтөнөев сунуштаган архивдик сүрөт.
"Ошончо азап тартыш үчүн Молдо Кубак ушунчалык Совет өкмөтүнө душман беле же байлыгы ашып-ташкан киши болгонбу?" деп ойлойбуз.
Ал Оренбургда Ат-Башыдан чыккан айтылуу акын Боогачы Жакыпбек уулу (1866-1935) менен кулактык жашоосун бирге кечирип жүргөн экен. Боогачы эски доордо бир аз болуш боло калган, бирок кийин большевиктер чыкканда 1920-1921-жылдарда мектеп ачууга демилгечи катары да таанылган.
Болуштук даңкы болгон, албетте, мал-алы болгон, анан «Үкөйүм» сыяктуу элге алынган ырлары болгон Боогачы 1929-жылы 29-февралда кулакка тартылган. Ошол киши Оренбургда жүрүп, Молдо Кубактын эмне үчүн айдалганын сурап, "болгону ушул малың, жериң болсо, ошол үчүн сени айдап ийсе, элиң эл деле эмес экен" деп айтыптыр. Муну мага Кара-Кулжа районунун Бөрү айылынын тургуну Шарабидин аба айтып берди эле.
Кара-Кулжа районунун Бөрү айылынын тургуну Шарабидин аксакал.
Кара-Кулжа районунун Бөрү айылынын тургуну Шарабидин аксакал.
Шарабидин абанын айтуусу боюнча Молдо Кубактын атасы Тажи, анын атасы Гереке болгон. Молдо Кубак илим-билимдүү болгондуктан Жаныбек казы өзүнө катчы кылып жүрүптүр.
Тарыхый маалыматтарга таянганда Жаныбек Сагынбай уулу 1869-жылы туулган, басыз уруусунун кашка уругунан чыккан. Ал Өзгөндүн Ак-Жар болуштугунда болуш, ошол эле кезде шарият боюнча укуктук иштерди жүргүзгөн казы кызматындагы инсан катары таанымал. Ак сөөк, байлыгы жетиштүү, сөзү өтүмдүү киши болгонун айтышат.
1918-жылы антисоветтик кыймылдар башталганда ал да большевиктердин саясатына каршы турган, бир нече жылдан кийин «басмачылар» деп аталган кыймылдын жигердүү уюштуруучуларынын бири болгон. Ошол эле кезде эки жактын тең туура эмес жактарын аңдап билген, элди кыйнаган кызыл аскерлерге да, басмачыларга да каршы турган. Кызыл аскерлер аны колго түшүрө албай көп убара тарткан. 1926-жылы Жаныбек казы үй-бүлөсү жана айрым туугандары менен адегенде Кытайга өтүп, андан Пакистанга ооп кетет.
Молдо Кубактын кулакка тартылышында биографиясындагы ушул киши менен байланышы да себеп болушу мүмкүн.
Анан калса Кеңеш бийлиги өз саясатын коллективдештирүү аркылуу ишке ашырабыз деген, ал үчүн колхоз болушу керек эле, эл колхозго кириши керек эле, колхоздун ортолуктагы малы болушу керек эле. 1929-жылы СССРде жалпы калктын 6,6 пайызы гана колхозго кирген, андыктан бирин-экин малы барлардын малын ортолукка алып, өздөрүн көздөн далдоо кылыш керек эле. Молдо Кубак ошол саясаттын курмандыгы болду.
Ал эми ошол киши "тезинен мал-мүлкүңөрдү туугандарыңарга бөлүп бергиле" деп кабар жиберген ноокаттык Ташмат бай эмне болду?
Ташмат Салманов (1870-1954) – өз эмгеги, кол күчү менен байыган киши экен. Атасы Салман да, чоң атасы Намаз да бай эмес экен. Ташмат бирин-экин мал күтүп, жер чегин улам көбөйтүп эгин кылып, коргон салган экен. Ошон үчүн эле эл аны «Ташмат бай» деп койчу, аябай кедей элдин ичинде бир аз даны, саан ую бар киши бай көрүнгөн да.
Советтердин күчү ага да жетиптир. Анын жеринде жаңы колхоз ачылат. Ал убакта 1934-жылы 15-19-февралда Колхозчулардын бүткүл союздук I съезди өтүп, ошого карата адегенде «I съезд» атындагы, андан соң жөн эле «Съезд» атындагы колхоз аталат. Жогорудагы Москвада өткөн съездге, тагыраагы, ударник-колхозчулардын I съездине 2 миңге жакын колхоздон 1513 делегат катышат. Жыйында В.М.Молотов, Л.М.Каганович, М.И.Калинин, К.Е.Ворошилов, С.М.Буденный сыяктуу ошол доордун атактуу адамдары бүт жарыш сөзгө чыгат. Акыркы күнү И.В.Сталин программалык жыйынтыктоочу баяндамасын жасайт. Негизги маселе колхоздорду большевиктештирүү, байлардын малын ортолукка алуу, колхоз-совхоз арасында социалисттик мелдештерди жандандыруу, жазгы талаа жумуштарын уюшкандыкта өткөрүү болгон. Мына ушундай тагдыр чечер жыйын болгонго го, Ташмат байдын мааласы I съезд атындагы колхоз болот. Байдын коргонуна мектеп жайгашат. Ал мектеп да I съезд атындагы беш жылдык мектеп аталып, караколдук (ал кезде жалпы эле аркалык кыргыздарды караколдуктар деп коюшкан) Курамаев деген киши директор болуп келип, негизги ишти элдин кат-сабатын ачуудан баштайт.
Колхозго мал-мүлкүн, мектепке коргонун өткөрүп бергенине карабай, кулакка тартылуу кезеги Ташмат байга да жетет. Аны Өзбекстандын Жалал-Кудук районунун «Савай» деген чарбасына кулак катары айдап ийет. Кулак катары журтунан жер оодарып ийген адамдарга согуштун акыркы учурлары өкмөт муктаж болуп калган бекен, эки баласын – Мурат жана Кадыр Ташматовду Өзбекстандын Жалал-Кудук районунунан аскерге чакырышкан. Мурат – менин чоң атам. Кадыр үйлөнө элек кеткен.
Кадыр Ташматовдун согуштан жиберген каты.
Кадыр Ташматовдун согуштан жиберген каты.
Өзбекстандын «Книги памяти» деген китебинде Жалал-Кудук районунан (анда "Анжиян облусу" деп көрсөтүлгөн) аскерге чакырылгандардын тизмеси берилген. Анда Кадыр Ташматов да, Мурат Ташматов да жазылган эмес (http://memory-book-uzb.com). Себеби алар, биринчиден, кулактын балдары болгон, экинчиден, башка республиканын жарандары эле...
Мурат Сталинград үчүн согушта снаряд тийип, каза болуп, иниси Кадыр өз колу менен узаткан экен. Кадырдын 1944-жылы 18-августта жана ошол эле жылдын 23-августунда жазган эки каты азыр иниси Өмүрзак Ташматовдун колунда сакталып турат. Ошол бойдон Кадыр Ташматов да дайынсыз.
Сталиндик репрессиянын жазыксыз курмандыгы болгон Молдо Кубак менен Ташмат байдын тагдыры мына ушундай. Алар бизге сабак болууга тийиш.
Абдыкерим Муратов, адабиятчы

Адилет Сыдыков

{picture#https://3.bp.blogspot.com/-AHSwWDZYbNE/V-1BoLV6D1I/AAAAAAAAHLQ/UDZd-yG7NEsOVRHqeUbKLohrIL0VbZF8wCLcB/s320/logo.png} 1995-жылы төрөлгөн. Ош облусунун Ноокат районунун Атамерек айылында жарык дүйнөгө келген. Эркин журналист, блоггер жана веб-дизайнер. 21 жашта. {facebook#http://www.facebook.com/adilet15L} {twitter#http://twitter.com/adilet_sydykov} {google#http://google.com/+adiletsdkov} {odnoklassniki#http://www.odnoklassniki.ru/as170894} {youtube#https://www.youtube.com/adiletsdkov} {instagram#http://instagram.com/adilet_sydykov}

Форма для связи

Имя

Электронная почта *

Сообщение *

Автор изображений для темы: Blogger. Технологии Blogger.